Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

болуу менен айырмаланат.

      1.30. Tanrı Dağlarının Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova (Теңир тоолордун Анатолиядагы алгачкы профессор кызы – Гүлзура Жумакунова)– Редакторлор: Абдрасул Исаков, Гүлдана Мурзакулова.

      Китеп «Бенгү» басмаканасынан 2018-жылы басылып чыккан. Китепте Гүлзура Жумакунова жөнүндө макалалар, аны менен маек, ошондой эле кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана фольклору тууралуу бөлөк тилдерде макалалар орун алган. Китептин редакторлору – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

      1.31. Türkistan’da Büyük İsyan 1916 (Түркистанда чоң көтөрүлүш 1916) – Бактыбек Максутов.

      Үркүн темасы Түркияда толук түрдө изилдөөчүлөрдүн жана адабиятчылардын назарына келе элек. Ал боюнча жазылган китептер али аздык кылат. Бирок ошол өксүгөн жагдайды толуктоого арналган эмгектер четинен жарык көрүп келүүдө. Алардын бири болгон ушул китеп, Бактыбек Максутовдун калемине таандык жана Ак падышанын 1910-1916-жылдарда Батыш Түркстандагы зулум саясатын документтердин негизинде чагылдырган. Аталган китеп жазуучу Бактыбек Максутовдун Түркияда ушул темада жарык көргөн экинчи китеби болуп саналат. Китеп 2018-жылы «Беңгү» басмаканасынан чыккан.

      1.32. Kırgız Sözlüğü I-II (Кыргыз сөздүгү I-II)– К. К. Юдахин, Х. Карасаев.

      Кыргыз сөздүгү кыргыз-түрк адабият жана тил билими багытындагы байланыштардын туңгуч үлгүсү болуу менен өзгөчө орунда турат. Бул сөздүктүн түп нускасы орус тилчиси К.К. Юдахин жана кыргыз тил аалымы Х. Карасаев тарабынан 1930-жылдарда даярдалып, кыргызча сөз жана терминдердин негизинде орусчага которулуп, кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча болуп Москвада жарык көргөн. Ал эми биз сөз кылган ушул сөздүк болсо, орусча нускасынын негизинде Абдуллах Таймас тарабынан кыргызча-түркчө болуп даярдалып, «Түрк тарых коому» тарабынан алгач 1945-жылы, андан кийин 1988-жылы басылып чыккан. СССР доорунда кыргыз адабиятынын ушул тунгуч сөздүгү узак жылдар бою Түркиялык илимпоздор пайдаланган бирден бир сөздүк болгон, ошондой эле кийинки сөздүк түзүүчүлөргө жол көрсөткүч болуп келген.

      2. Түркчөгө которулуп Кыргызстанда жарык көргөн китептер

      2.1. Türkçe-Kırgızca Sözlük (Түркчө-кыргызча сөздүк) – Гүлзура Жумакунова.

      Сөздүк Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасынан 2005-жылы жарык көргөн. Гүлзура Жумакунова – Түркияда эмгектенип келе жаткан, иштемчил, эмгекчил кыргыз илимпоздорунун бири. Ал 1990-жылдардан бери кыргыз-түрк адабият тармагына талыкпай салым кошуп келүүдө. Ушул сөздүк анын калемине таандык. Сөздүк 50.000 сөздү камтыйт. Карасаев менен Юдахин тарабынан даярдалган сөздүктөн кийин алгачкы жолу жарык көргөн сөздүк болуу менен айырмаланат.

      2.2. Türkçe-Kırgızca/ Kırgızca-Türkçe Sözlük (Түркчөкыргызча/Кыргызча-түркчө сөздүк) – Уулкан Камбаралиева.

      Ушул сөздүк чөнтөк сөздүгү катары даярдалган. «Папирус принт» тарабынан 2017-жылы басылып чыккан. Сөздүк ушуга чейин жарык көргөн сөздүктөрдөн алгачкы чөнтөк сөздүгү болушу, көлөмү жана чоңдугу менен айырмаланат. Кыргызча жана түркчө сөздөрдүн кыска түшүндүрмөлөрү, түркчө антоним, синоним жана жер-суу аттары да камтылган.

      2.3.