Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

Мындан сырткары, Түркияда алгачкы жолу бир кыргыз илимпозуна арналып даярдалган китеп ЕЖБда 2018-жылы жарыяланды. Проф. Гүлзура Жумакуновага арналган китепке кыргыз таанууга тиешелүү изилдѳѳлѳр киргизилген. Түркияда кыргыздарга тиешелүү 25 китеп басып чыгарган мекемелердин саналуу экендигин баса белгилей кетүү керек.

      Биримдиктин 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан «Тил изилдѳѳлѳрү» аттуу илимий, «Боордош калемдер» аттуу адабий журналы бар. Жылда эки жолу жарыяланган «Тил изилдѳѳлѳрү» журналында кыргыз тили, кыргыз сѳздүгү, Энесай, Теңир тоо руникалык жазуулары, Жусуп Баласагындын «Кут алчу билими», Махмуд Барсканинин сѳздүгү темаларында түркчѳ ондогон макала жарыяланган.

      ЕЖБнин «Боордош калемдер» адабий журналы болсо, 2000 тираж менен ай сайын чыгарылат. Журналдын дээрлик бардык сандарынан кыргыз адабиятына тиешелүү чыгарманы же макаланы жолуктуруу мүмкүн. 2007-2018-жылдар аралыгында журналда кыргыздарга тиешелүү 527 жазуу жарыяланган. Журналдан кыргыздар жана кыргыз адабияты боюнча роман же повесттерден үзүндүлѳр, аңгеме, ыр, кошок, репортаж, эскерүү, илимий макала, китеп рецензиясы жана кабарларды кѳрүүгѳ болот.

      Журналдагы кыргыздарга тиешелүү жазуулардын жылдарга карай бѳлүнүшү

      Таблицадан кѳрүнүп тургандай, журналда жылына болбоду дегенде эле, кыргыздарга тиешелүү 20 эмгек жарыяланып турган. Бүгүнкү күнгө чейин Чыңгыз Айтматов, Мукай Элебаев, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов, Омор Султанов боюнча журналдын атайын сандары чыккан.

      «Боордош калемдер» журналында Аалы Токомбаев, Абдыжапар Эгембердиев, Абдыманап Жапаркулов, Абдрасул Токтомушев, Акбар Рыскулов, Алыкул Осмонов, Арслан Койчиев, Асанбек Стамов, Атантай Акбаров, Ашым Жакыпбеков, Айдарбек Сармамбетов, Барктабас Абакиров, Байдылда Сарногоев, Бексултан Жакиев, Бейшебай Усубалиев, Бурул Сагынбаева, Чыңгыз Айтматов, Жолоочу Рыспаев, Жоомарт Бѳкѳнбаев, ЖумамүдүнШералиев,ЗамирбекИманалиев,ГеннадийБазаров, Гүлзура Жумакунова, Кусаин Карасаев, Касым Тыныстанов, Касымалы Баялинов, Касымалы Жантѳшев, Казат Акматов, Кеңеш Жусупов, Керимбек Кадыракунов, Кожогелди Култегин, Кубат Табалдиев, Курбаналы Сабыров, Лайли Үкүбаева, Мар Байжиев, Маркабай Ааматов, Мирзахалим Каримов, Мукай Элебаев, Мурза Гапаров, Мусакун Сатыбалдиев, Олжобай Шакир, Омор Султанов, Ѳмүрбек Караев, Ѳскѳн Даныкеев, Рахат Жуманазарова, Рахман Касымов, Роза Айтматова, Салижан Жигитов, Саякбай Каралаев, Сулайман Кайыпов, Шүкүрбек Бейшеналиев, Темиркул Үмѳталиев, Токтогул Сатылганов, Тѳлѳгѳн Касымбеков, Тѳлѳгѳн Мамаев, Тѳлѳмүш Океев, Тѳрѳкул Айтматов, Турсунбай Адашбаев, Уркаш Мамбеталиев жана Шайлообек Дүйшев боюнча макала, эскерүүлѳр жарыяланган. Журналда алтымыштан ашуун кыргыз айдыңдары таанытылган.

      Журналда кыргыздар боюнча эмгек жазган авторлордун саны да аз эмес. Кыргызстан жана Түркиядан сырткары, Европадан Чыгыш Азияга чейинки аймактагы кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдѳн калемгерлер журналга кыргыздар боюнча эмгектерин жазышкан.