Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

чыккан ушул китеп аркылуу, түрк адабият күйөрмандары кыргыз адабиятын, кыргыз ырын жакшы тааныйт деген ойдобуз.

      1.8. Ak Yol (Ак жол) – Омор Султанов.

      Ушул чыгарма, кээ бир сынчылар тарабынан, «дүйнөнүн эң жакшы сүйүү романы» деп айтылган Ч. Айтматовдун «Жамийла» чыгармасындагы сүйүү түшүнүгүнө каршы жазылган. Жарык көргөн жылдары Кыргызстанда талкуу жараткан ушул чыгарма Түркияда да окурмандарын тапты деген ойдобуз. Китеп 2016- жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.

      1.9. Biz Babasız Büyüdük (Биз атасыз чоңойдук) – Ашым Жакыпбеков.

      Айтматовду Айтматов кылган адамдын бул чыгармасы Айтматовдун чыгармаларынан бөлөк, Түркияда алгачкы жолу басылган чыгармалардын бири болуп эсептелет. Жакыпбеков кыргыз тилин чыгармаларында мыкты колдонгону менен да айырмаланган. Бул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан басылып чыккан. Котормочулары – Орхан Сөйлемез жана Кемал Гөз.

      1.10. Zor Zamanlar (Кыйын кезең) – Мукай Элебаев.

      Мукай Элебаев – кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал кыргыз адабиятына зор салым кошкон. Ушул китеп анын түрк тилине которулган экинчи китеби болуп эсептелет. 2010-жылы Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлардын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.

      1.11. Aytmatov’un İzinden (Айтматовдун изи менен) – Айдарбек Сарманбет.

      Акыркы жылдарда, түрк мамлекеттери менен тыгыз байланышта болуп, китептери менен котормолору жарык көрүп келе жаткан жазуучулардын бири Айдарбек Сарманбет десек жаңылышпайбыз. Ушул китеп анын аңгемелерин камтыйт. Котормочулар – И. Түркхан, С. Ибраимова, Ө. Күчүкмехметоглу, С. Азап. «Беңгү» басмаканасынан 2015- жылы жарык көргөн бул китеп, жазуучунун Түркиядагы алгачкы китеби болуп эсептелет.

      1.12. Göl ve Kuğu (Көл жана ак куу)– Керимбек Кадыракунов.

      Ушул ыр китеби – Токтогулдун толук ыр китебинен кийинки Түркияда жарык көргөн экинчи кыргыз ырлар китеби.

      Котормочусу – Ибрахим Түркхан. «Беңгү» басмаканасынан 2015-жылы жарык көргөн. Китепте акындын сүйүү, кыргыз жери, табыйгат ж.б. темаларда жазылган 50 ыры камтылган.

      1.13. Kırgız Hikâyesinden Seçmeler-1 (Тандалган кыргыз аңгемелер жыйнагы-1).

      Ушул китеп – 20 жазуучунун чыгармаларынан турган, Түркияда алгачкы жолу жарык көргөн аңгемелер антологияларынын бири. Ибрахим Түркхан тарабынан которулуп, 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Китепте кыргыз адабиятынын ар кайсы курактагы жазуучу өкүлдөрүнүн чыгармаларына орун берилген.

      1.14. Kırgız Şiirinden Seçmeler-1 (Тандалган кыргыз ырлар жыйнагы-1).

      25 акындын чыгармаларынан турган ушул китеп Түркияда алгачкы жана жалгыз жарык көргөн ырлар антологиясы болуу менен өзгөчөлөнүп турат. Котормочусу – Ибрахим Түркхан. Китеп 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Китепте кыргыз адабиятынын ар кайсы курактагы акын өкүлдөрүнүн чыгармаларына орун берилген.

      1.15. Кırgız Millî Şairi Toktogul Satılganov’un Seçme Şiirleri (Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун ырлары).

      Кыргыз адабиятынын залкарларынын бири, Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 2014-жылкы 150 жылдык